СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачёв каза болду

СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачёв 91 жашында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Борбордук клиникалык ооруканага таянуу менен жазды.

"Михаил Сергеевич Горбачёв катуу жана узакка созулган оорудан улам бүгүн кечинде дүйнөдөн кайтты", - деп жазылат маалыматта.

Өлүм алдында Михаил Горбачёв гемодиализ алуу үчүн ооруканага келгендиги айтылууда. Саясатчынын бөйрөгүндө олуттуу көйгөйлөр бар экендиги айтылды, бирок бул маалымат расмий тастыкталган эмес.

Саясатчынын сөөгү Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө жубайы Раиса Горбачёванын жанына коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан