Чүйдө ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн жаран кармалды

Чүйдө ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого жана алып жүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир ай мурун ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран жөнүндө ыкчам маалымат алышкан. Анда Чүйдүн 30-35 жаштагы жараны куралды сактап жүргөн. Аталган факты каттоого алынып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Топтолгон материалдардын негизинде шектүү жаран кармалып, тинтүү иштеринин жүрүшүндө белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган.

Кармалган жаран Чүй облусунун 1996-жылы туулган тургуну С.Р. болгон. Куралдын атууга жарамдуулугун аныктоо боюнча экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан