Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өтүп жатат.
Ага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү катышууда. Андан сырткары экс-президент Сооронбай Жээнбеков да салтанатка келген.
Өлкө башчы мындан кийин бул майрамды ушундай салтанатта ар бир дубанда өткөрүүнү ниеттенип жатканын билдирди.
Салтанатка карата Чуңкурчакка чоң сахна салынып, бир нече боз үйлөр тигилген.