Социалдык тармактарда ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери Чубак Сыргабек уулу Ош ОИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов аны мыйзамсыз иштерди аткарууга буюруп, айтканын аткарбаган соң кысым көрсөтүп жатканын айтып президент Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусу тарады.
“Ички иштер органдарында 11 жылдан бери иштейм. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине Жеңишбек Абитов келгенден тарта мыйзамсыз иштер байма-бай орун алууда. Өз кызыкчылыгы үчүн бизге буйрук берүүдө. Жетекчиликтин мыйзамсыз буйруктарын аткарбагандыгым үчүн кысымга кабылуудамын. Өз билгенин кылып мени кызматымдан мыйзамсыз четтетишти. Ош шаардык сотуна кайрылганымда “Мурдагы ээлеген кызмат ордуна орноштурулсун” деген чечим чыгарган. Бул жерде мен ханмын дегендей кылып, соттун чечимин дагы аткарбай жатат”, - деген ал.
Чубак Сыргабек уулу өлкө башчысына кайрылып "Эмнеге мен бирөөнүн баласына кутум уюштуруп, бирөөнү какшатып, форма кийип жүрүшүм керек?" деп суроо салган жана жетекчиликтин мыйзамсыз буйруктарын аткаргандан көрө формасыз жүргөндү артык көрөрүн кошумчалаган.