Укук коргоочу Камил Рузиев социалдык тармактагы баракчасына “Вентус” бейөкмөт уюмуна үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен Каракол шаарынын 25 жаштагы Б.А. аттуу тургуну жардам сурап кайрылганын жазып чыкты.
"Алар жабырлануучуга Стамбул протоколу боюнча медициналык кароодон өтүүгө жана тергөөдө жабырлануучу катары таанытууга жардам беришкен. Күйөөсү мас абалында аялын 4 жолу ур-токмокко алганын моюнуна алган. Айыптоо корутундусун Каракол шаарынын прокурору жарыялады", - деп жазган ал.
Аталган иш боюнча Ысык-Көл облустук милициясына кайрылганыбызда, окуя боюнча кылмыш иши козголгонун жана соттук кароого жиберилгенин маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 15-августта милицияга Каракол шаарынын тургуну Б.А. жолдошу Б.Д. сабап, денесине залал келтиргенин айтып, арыз менен кайрылган.
“Аталган арыз боюнча териштирүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. 29-августта кылмыш иши Каракол шаарынын сотуна кароого жиберилди”, - деп билдиришти облустук милициядан.