Орусияда Кыргызстандын 25 жаштагы Ж.А. аттуу жаранын унаа сүзүп, эс-учун жоготкон абалда ооруканада жатат жана ал жардамга муктаж. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аталган факты боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Жабыр тарткан жаран Подольск облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Анын жалпы абалы турукташкандан кийин адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн башка медициналык мекемеге которуу маселеси каралат", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө экенин белгиледи. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери жабырлануучунун жакын туугандары жана алардын өкүлү менен өз ара байланышта экенин кошумчалайт.