Чуңкурчактагы мааракеде Ноокаттын 73 жаштагы тургуну боз үйү менен тааныштырды

Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда чоң майрам өтүп, Эгемендүүлүк күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат. Бул иш-чарада өлкөнүн жети дубанынын көл өнөрчүлөрү эмгектерин көргөзмөгө коюшкан.

Анда ар дубандын этношаарчалары курулуп, бир канча боз үйлөр тигилген.

Ош облусунун Ноокат районунан боз үй көргөзмөсүнө катышып жаткан 73 жаштагы Буажар Казыканова эки жылдык эмгекти талап кылган боз үйү менен тааныштырды.

"Биздин райондон 2 боз үй тигилди, тагыраагы бири көргөзмөгө коюлса, экинчиси конокторду тосконго тигилди. Бул боз үй эки жылдык эмгекти талап кылды, 10 ууздун колунан чыкты. Буга чейин да бир канча фестиваль, мааракелерге тиккенбиз, байгелүү орундарга да ээ болгонбуз", - деди ал.

Мындан сырткары иш-чарада бардык оюндардын финалдык бөлүгү өткөрүлүп, ордо, салбуурун, кыргыз күрөшү сыяктуу кыргыздын улуттук оюндары орун алды.

"Бардык оюндар жыйынтыкталып бүттү, байгеси бүгүн берилет. Салбуурунга 15 өлкөнүн спортчулары келишкен. Ал эми калган спорт түрлөрүнө өзүбүздүн эле спортчулар катышты", - деп билдирди Спорттун улуттук түрлөрү дирекциянын орун басары Орозалы Жапар уулу.

Азыркы тапта Чуңкурчак жайлоосунда концерттик программа болуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан