Бишкек-Ош унаа жолунда 25-августта катталган жол кырсыгынан кийин бешинчи өспүрүм каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Кара-Көл шаардык ооруканасынан тастыкташты.
Ал аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан жана 31-августка караган түнү саат 02:00 чамасында каза болгон. Маркум 16 гана жашта болгон.
Эске салсак, 25-августта Бишкек-Ош жолунун 390-чакырымында Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып ала салып кеткен. Кырсыктан 6 адам жабыркаган. Үч өспүрүм ошол эле күнү ооруканадан үзүлгөн. Дагы эки жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө, айдоочу хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Кийин ооруканадан жакшы боло албай төртүнчү өспүрүм көз жумган.