Эл артисти Сыймык Бейшекеев: "Атакем баш болуп баары сүйүнүп жатышат"

Бүгүн, 1-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардак наамы ырчы Сыймык Бейшекеевге дагы ыйгарылды. Ырчыга кубанычтуу кабары менен куттуктап байланышканыбызда буларга токтолду.

“Атакем, жакындарым баары сүйүнүп жатышат. Мен өзүм бир айдан бери чет өлкөдө жүрүп кечээ эле келгем. Келип эле айылга атамдар менен учурушканы айылга баратсам президенттик администрациясынан чалып “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген наамды алганымды айтышты. 2-сентябрь күнү сыйлык тапшыруу аземи болот, сиз каякта болосуз?” деп сурашты. Бул мен үчүн абдан кубанычтуу кабар болду. Мени былтыр Чыӊгыз Айтматов клубу аталган сыйлыкка көрсөтүшкөн, бирок былтыр албай калган элем. Ошондо Айтматовдун клубу көрсөтүп жатканда сыйлык беришкен жок эми аракет кылбай эле коюшум керек экен деп наамдан түӊүлгөн элем.

Быйыл былтыркы эле документтерим менен кайра мени наамга көрсөтүшүптүр. Наам алганым өзүм үчүн да күтүүсүз болду. Биринчиден, чыгармачылык адам үчүн бул чоӊ стимул, буюрса, эл берген бул наамды жакшы чыгармалар, концерттер менен далилдейбиз. Атакем да сүйүнүп, үй-бүлөбүз менен кубанып жаткан чагыбыз. Наам алган чыгармачыл адамдардын баарынын сыйлыгы кут болсун!", - деди Бейшекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан