Супер фактылар: Биздеги 5 деген баа кайсы өлкөдө 2 деген баага тете экенин билесизби? Дүйнөдөгү окутуу системасы таң калтырган мектептер

Бүгүн, 1-сентябрь Билим күнүнө карата дүйнөдөгү окутуу системасы менен өзгөчөлөнгөн мектептер тууралуу айтып беребиз.

1. Финляндия өлкөсүндөгү мектептерде эгер окуучу доскага чыгууну каалабаса, аны мугалим мажбурлай албайт. Кызыгы, окуучулар экзамен тапшырбайт, күндөлүк да колдонушпайт. Себеби ар бир класстын электрондук журналы бар, ата-энелер балдарынын жетишкендиктерин гаджеттер аркылуу эле билип алышат. Ошондой эле аба ырайы кандай гана болбосун ар бир танаписте окуучуларды сыртка сейилдөөгө алып чыгып турушат.

2. Кытайдын окутуу системасы күчтүү, ошол эле учурда окуучулар үчүн катаал болуп саналат. Окуу жылы 1-сентябрда башталып, июль айынын башында аяктайт. Окуучулардын жайкы каникулу 1 айга жакын эле болот. Ал эми сабактар эртең мененки саат 08:00дөн 16:00гө чейин созулат. Андан кийин кошумча сабактары бар. Ошондой эле үй тапшырмалары көп берилгендиктен күн сайын үй тапшырма аткарууга эле 4 саатка жакын убактылары кетет. Кызыгы, окуучулар сабак башталарга чейин милдеттүү түрдө дене көнүгүүлөрүн аткарышат.

3. Норвегия өлкөсүндөгү мектептерде 8-класска чейин окуучуларга эч кандай баа коюлбайт. Мындай система окуучулар өздөрүн бири-бирине салыштырбоо максатында киргизилген. Мектепте 13 жыл окушат, 11-13-класс милдеттүү эмес, бирок 11 жылдык билим менен жумуш табуу кыйын болгон үчүн дээрлик көпчүлүгү толук 13 жыл билим алышат. Кенже класстар, орто жана жогорку класстын окуучулары үчүн өзүнчө имарат курулган.

4. Таиландда окуучулардын дени сак жашоо образында болушуна өзгөчө көңүл бурулат. Эркек балдар кичине кезинен эле тай боксу менен машыкса, кыздар тай массажынын негиздерин үйрөнөт.

5. Биз эң жакшы баа 5, эң начары 2 деген баалоо системасына көнгөнбүз. Ал эми Чехияда 1 деген баа эң жакшы дегенди, ал эми 5 эң начар баа дегенди түшүндүрөт.

6. Мектептин имараты, анын ичинде ар бир класс үчүн класстык бөлмө жана катар тизилген парталар... Бул сүрөттөө бизге тааныш. Ал эми Дания өлкөсүнүн Копенгаген шаарындагы Орестад мектебинде окутуу таптакыр башкача. Дегенибиз, мында атайын класстык бөлмөлөр каралган эмес, чоң залда бардык окуучулар окушат.

7. Канаданын өзгөчө мектеби бар. Ал ALPHA мектеби. Бул мектепте милдеттүү предметтер жок, окуучуларга баа коюлбайт жана үй тапшырма деген түшүнүк да жок. Окуучулар өзүнө жаккан сабактарды гана тандашат. Эң кызыгы, окуучулар класстарга жаш курагы боюнча эмес, кызыккан предметтери боюнча бөлүнөт.

8. Ал эми дүйнөдөгү эң эски мектептердин бири Улуу Британиянын Кентербери шаарында жайгашкан. Бул мектеп 597-жылы негизделген. Бирок учурда заманбап техникалар менен камсыздалып, кадимки мектептердей эле ишмердүүлүгүн улантып келет.

9. Японияда окуу жылы 1-сентябрда эмес, 1-апрелде башталат. Бул мезгилди жаңы жашоо баштоого ылайыктуу мезгил деп эсептешет. Ошондой эле окуучуларды эмгекти баалоого үйрөтүү максатында класстык бөлмөлөрдү тазалоо иштерин атайын кызматкер эмес, окуучулар өздөрү аткарышат. Мындан тышкары мектептерде ашкана жок, окуучулар түшкү тамагын өздөрү ала келишет.

10. Ал эми Францияда болсо окуучулардын түшкү тамактануусу да өзүнчө предмет катары эле мааниге ээ, анда окуучуларга тамактануу учурундагы маданият, кайсы тамак-ашта кандай витаминдер бар экени тууралуу айтып беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Peri
2022-09-07 13:32:00
Сонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан