Кечээ, 4-декабрда Эл аралык бокстун атак-даңк сарайы 2014жылы мушкерлер Феликс Тринидад, Жо Кальзаге жана Оскар де да Хойянын ысымын бокс боюнча “Атак-даңк сарайына” киргизүүнү пландап жатканын кабарлады. Бул тууралуу америкалык басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, келерки жылы аталган сарайга бул 3 мушкерден тышкары промоутерлик менен алектенип келген Барри Хирн, калыс Ричард Стил, спорт баяндамачысы Грэм Хьюстон жана сүрөтчү Нил Лейфердин ысымдары киргизилет.