Талас мамлекеттик университетинин ректору бир айга камакка алынды

Жемкорлукка шектелип кармалган Талас мамлекеттик университетинин ректору У.А.Ш. бир айга камалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук сотунан маалымдашты.

"У.А.Ш.нын баш коргоо чарасы каралып, ушул жылдын 27-сентябрына чейин камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 30-августта УКМК Талас мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталгандыгын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан