УКМК "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалганын кабарлады

Санариптештирүү үчүн программалык продуктуларды иштеп чыгууда бюджеттик каражаттарды уурдаган мамлекеттик ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чогултулган материалдардын негизинде 30-август күнү "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору А.Т. атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

"2020-жылы Кыргыз өкмөтү тарабынан мурда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген "Соцсервис" мамлекеттик ишканасына төмөнкү министрликтер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 101 миллион 900 миң сом бөлүнгөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

"Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын директорунун жана жогоруда аталган министрликтердин жооптуу кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекеттин бюджетине 38 миллион 740 миң сом зыян келтирилгендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан