Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп алып качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп алып качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-августта болжол менен саат 21:20да белгисиз айдоочу унаасы менен Жибек-Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен 1976-жылы туулган Б.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары Kia Ceed унаасынын 1988-жылы туулган К.Т. аттуу айдоочусу кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан