Балыкчыда уурулукка шектелип 3 тургун кармалды

Балыкчыда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Кабарлангандай, 20-августта Балыкчы шаарынын Т.К. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2-июль күнү Тилек аттуу жана белгисиз 2 адам ишеничине кирип, ага тиешелүү жылкысын сатып, алмаштырып кайра беребиз деп алдап кеткенин билдирген. Жабырлануучуга 80 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Нарын облусуна караштуу Кара-Суу айылынын 1975 жылы туулган К.Т. аттуу тургуну Тоң районунун сырт аймагынан кармалган. Ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар делип Балыкчы шаарынын А.Т., К.Ө. жана Э. у К. аттуу тургундары кармалды.

Мындан тышкары шектүүлөрдүн ушул сыяктуу, атап айтканда малды алдамчылык жолу менен ээлеп алуу боюнча 3 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда шаардык сот тарабынан шектүүлөрдү эки айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып, тергөө амалдары уланууда.

Тергөө кызматы жогорудагы адамдардын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандарды 0701067101, 0394432716, 0394432705 телефон номерлери аркылуу байланышууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zidanjon1
2022-09-03 08:58:00
Акмактар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан