Ысык-Көлдө эки тургун түн ичинде үч унааны айдап качты

Ысык-Көлдө унааларды айдап качканга шектелип 2 тургун кармалды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 1-сентябрда саат 02:20 чамасында Каракол ШИИБинин 102 кызматына жергиликтүү тургундан шаардагы дүкөндөрдүн биринин жанында токтоп турган Ауди-100 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Көп өтпөй саат 7:20 чамасында Каракол шаарынын дагы бир тургунунан билдирүү түшкөн. Ал өз кайрылуусунда 1-сентябрга караган түнү Каракол шаарынын Жамансариев жана Гречко көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулган КамАЗ үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкенин билдирген.

Аталган фактылар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Кылмышка шектелип Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургундары 34 жаштагы М.М. жана 35 жаштагы А.С. кармалган. Сурак учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты.

"Жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки иш-чараларынын жүрүшүндө, 1-сентябрга караган түнү шектүүлөр мас абалында шаарга барууну чечишкен. Унаа жоктугунан алар дүкөндүн жанында токтоп турган Ауди-100 унаасын айдап кетишкен. Бир нече аралыктан кийин унааны башкара албай жолдун четине чыгып токтошкон.

Андан соң Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургунуна тиешелүү ВАЗ-2121 үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен. Бирок аны менен да жол кырсыгына учурашкан.

Үчүнчү жолкусунда КамАЗ үлгүсүндөгү унааны айдай качышкан. Бир нече метрден кийин унаа өчүп калгандыктан, алар унаанын эки аккумуляторун чыгарып алышып, көңүл ачууну улантыш үчүн уурдалган буюмду сатууну чечишет. Бирок көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча Каракол ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 211 (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 205 (уурдоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган эки жаран соттун баш коргоо чарасы чыкканга чейин шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан