Ноокенде мурдагы күйөөсү бычактаган 24 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 26-августтан 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда аялдын киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу билдирүү милицияга түшкөн.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, милиция тиешелүү материалдарды чогултуп алган. Ошондой эле каза болгон келин Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталган. Маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.
Милиция бул кылмышка шектүү делген адамды кармаган. Ал каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын 1989-жылы туулган А.И. аттуу тургуну болгон.
Шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш иштин алкагында жана соттун кароосуна жиберүү үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.