Акыркы жылдары кыргыз спортчуларынын эл аралык аренадагы ийгиликтери артып барат. Баарынан балбандарыбыз алдыда. Убак-убагы менен дзюдочулар, мушкерлер, штангисттер жана жеңил атлетчилер жеңиштерди багындырууда. Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү менен чыгып жаткан – ММА мушкерлери, кикбоксчулар жана самбо менен алектенгендер да бар.
Ар дайымкы каржылык маселелердин фонундагы спортчулардын ийгиликтери бизди таң калтырбай койбойт. Алардын кээ бири бул тууралуу мындай дешет: «Бизге жеңиш себептүү эмес, тоскоолдуктардан суурулуп келет».
Бул алардын жеңишине мамлекет көмөктөшө албайт деген сөз. Машыгуучу заманбап база, жаңы стадиондор жокко эсе. Эң негизгиси – турнирлерге камылга кылууга жана жол кире кылууга каражат бөлүнбөйт.
Албетте, спорт тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттин орду чоң. Ал эми качан болбосун бюджеттик каражаттарга үмүт артып отура берүү да эскирген ыкма болуп саналат. Өнүккөн өлкөлөрдө спорттук уюмдар эчак эле өздөрү каражат табуунун жолун үйрөнүп алышкан. Буга байланыштуу жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмалардын бири – бул букмекердик конторалар менен кызматташуу. Спорт тармагынын эң көйгөйлүү маселелери жана буга букмекерлер кантип жардам бере алары тууралуу төмөндөгү материалдан окусаңыздар болот.
Жашоо үчүн күрөш
Бюджетте акча каражаты жетишсиз болгондуктан мамлекет артыкчылыктуу тармактарды орду ордуна коюштурууга мажбур болот. Спорт тармагы салттуу түрдө калдык принциби менен каржыланат. Андан сырткары, спорт бюджетинин көлөмү жыл сайын алмашып ар кандай болуп турат. Мисалы, 2020-жылы ага бир миллиард сом каралып, бирок пандемиянын кесепетинен улам бул сумма кескин түрдө кыскарган.
Бир миллиард сом деген канча? Бул болгону 12 миллион доллар. Европа өлкөлөрүндө эң жакыр деген футбол командаларынын бюджети да мындан көбүрөөк. Ал эми бизде болсо бул сумманы көп сандаган федерацияларга бөлүштүрүүгө туура келет. Ар бир федерациянын өзүнүн командалары, машыктыруучулары, арачылары болот. Бул жерде спорттун олимпиадалык жана улуттук түрлөрүнө артыкчылык көбүрөөк берилет. Спорттун олимпиадалык эмес түрүнүн өкүлдөрү каралбайт. Бирок, чындай келгенде жеңиштин көбүн ошолор багындырат. Мисал үчүн, самбо менен алектенгендер ар бир Азия чемпионатынан 30дай медаль алып келишет. Бул нерсе балбандардын түшүнө да кирбейт.
Өлкөдөгү спорт федерацияларынын саны жүздөп саналганы менен алардын бир бөлүгү гана кагаз жүзүндө бар. Анткени, аларды өнүктүрүү үчүн жетекчилигинде акча каражаты жок. Баарынан өкүнүчтүүсү аларда идея да жок. Идеясы бар болсо дагы ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жок. Мунун негизги себептери – спорт функционерлеринин тажрыйбасы жетишсиздигинде жана потенциалдуу өнөктөштөрдүн дүйнө таанымынын тардыгында.
Кыргызстанда ири компаниялар аз. Алардын катарын байланыш операторлору, банктар, базарлар жана пайдалуу кендерди казып, иштетип, сатуу менен алектенгендер толуктайт. Ал эми аларды болсо кимиси болбосун тооруганга ар дайым даяр. Башкача айтканда, кимиси болбосун саан уйдай сааганга аракет кылышат. Анткени, керектүү колдоо баарына эле бериле бербейт. Бул жердеги колдоо ишкананын ээси жактырган спорттун түрүнөн көз каранды болот. Ал эми алар болсо көбүнчө футбол менен күрөштү жактырышат.
Чет өлкөлөрдө спортчулардын бир нече каражат табуу ыкмалары бар. Бирок, алар биздин өлкөдө натыйжалуу эмес. Айрым федерациялардын трибунага билет сатуу ыкмасынан эч кандай майнап чыкпайт. Жакшы бир рекламалык компаниясы болбосо кыргызстандыктар мелдешти бекер көрсөтсө да барышпайт. Акылуу кылса андан бетер. Өз атрибутикакаларын (футболка, желекче ж.б.) чыгаруу менен бир-эки гана федерация алектенет. Рыноктун тардыгынан мындан деле жарытып каражат таба албайсың.
Федерациялар теле каналдарга трансляция кылуу укугун сата алса дурус болмок. Заманбап өлкөлөрдө бул ыкма өтө чоң киреше алып келет. Ал эми бизде болсо тескерисинче спортчулар турнирлерди тартуу үчүн каналдарды акча төлөп чакырышат. Муну федерациялар өзгөртө албайт жана ошондой эле бул системаны өзгөртүүнү каналдар өзүлөрү каалашпайт.
Мына ошентип, Кыргызстандагы спорт тармактарынын көбү жылаңач баатыр спортчулардын өзүлөрүнө таянышат. Көпчүлүк федерацияларды мурда активдүү түрдө спорт менен машыгып, кийинчерээк ишкерлик менен алектенүүгө өткөн спортчулар башкарат. Айкөлдүгү жана патриоттук сезими менен алар спорт жаатын өз чөнтөгүнөн каржылаган учурлар болот. Ал эми кайра киреше табууну алар үмүт кылышпайт. Машыктыруучулардын да спортто салымы чоң. Жарытылуу айлык албаганы аз келгенсип, кээде улуттук кураманы даярдоо үчүн өз чөнтөгүнөн акча чыгарганга мажбур болушат.
Спортчулардын үчтөн бир бөлүгү турнирлерге өз каражатына барышат. Алар көбүнчө ата-энелери каржылаган мектеп окуучулары. Ал эми алар мектепти бүтүргөндөн кийин баарын таштап салышат. Анткени, спорттун келечегин көрө алышпайт.
Сага да, мага да, баарыбызга жакшы
Тилекке жараша, спортчулар үчүн каражат табуунун дагы бир ыкмасы бар. Жана да бул натыйжалуу жол болуп бере алат. Анда сөз букмекердик конторалар (БК) менен кызматташуу жөнүндө болсун.
Чет өлкөлөрдөгү спорттун өтө популярдуулугунун бир сыры – акча саюу (коюм) ыкмасы. Сүйүктүү команда же спортчу үчүн жөн эле күйөрмандык кылуу өтө жагымдуу. Ал эми анын жеңиши үчүн акча сайган болсоң, мелдешти көрүүдө эмоцияларың андан бетер күчөй турганы бышык.
Европа менен АКШда абройлуу букмекердик конторалардын саны өтө көп. Алардын ишмердүүлүгү толугу менен легалдашкан жана мыйзам аркылуу теске салынып турат. Сөзү менен ою ММКга да өтүмдүү жана алар менен эксперттер иштешет. БКлар өтө көп акча табышат. Ошону менен бирге алар өз кардарларына чынчылдык менен өз убагында жеңип алган суммасын төлөп берип турушат. Салык төлөшөт. Жана да эң негизгиси - бул материалдын контекстине ылайыктап айта турган болсок, алар жан дили жана өз ыктыяры менен спортчуларды жана федерацияларды каржылык колдоого алышат.
БКлар спорттун ар кыл түрлөрү боюнча көптөгөн турнирлердин башкы жана расмий өнөктөшү болушат. Алар менен ФИФА, UFC сыяктуу ири уюмдар, андан сырткары жеке спортчулар, клубдар дагы иш алып барышат. Ошондой бир европалык БК менен мындан бир аз убакыт мурун балбан эже-сиңдилер Шевченколор кызматташышкан эле. Жайында Россияда жогорку футбол дивизионунун бир клубу БК менен келишим түзүп, ал анын титулдук өнөктөшү болуп берди.
Аталган клуб ар жылы 450 миллион рублдан турган өнөктөштүк төлөмдү алып турат. Ошондой эле букмекердик конторалардын колдоосу менен Орусиядагы футбол Кубогу өткөрүлүп келет.
Кыргызстанда букмекердик конторалар 2015-жылга чейин иштеп турган. Ал учурда бул тармак дүйнөдө азыркыдай өнүккөн эмес болчу. Ошол эле учурда БКлар колунан келишинче биздин спортчуларга колдоо көрсөтүп турушкан. 2015-жылы Кыргызстанда кумар оюндарына, тотализаторлорго жана букмекердик контораларга толугу менен тыюу салынган. Көз карандысыз эксперттер ошол учурда эле бул чечимдин чекилик экенин айтып чыгышкан эле. Ал эми бүгүнкү күндө кумаркана ишмердүүлүгүнө уруксат берилгенден кийин бул тема кайрадан актуалдуу боло баштады.
Чет өлкөлүк букмекерлер үчүн биздин рыноктун кызык болору турган иш. Бул ишкерликти КРда жүргүзүүнүн келечегин билүү үчүн алар, кыргызстандыктардын соцтармактардагы спорттогу ийгиликтерге байланышкан жаңылыктарга калтырган кубанычка, суктанууга толгон билдирүүлөрүн, алдыңкы балбандардын, балбан кыздардын жана футболчулардын эбегейсиз көп катталуучуларын көргөнү жетиштүү болот. Спортчулардын арасында Кыргызстандын аймагында жарандыгына карабай бардык каалоочулар үчүн БК ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилет экен деген кептер айтылууда.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын 20 пайызы гана дене тарбия жана спорт менен машыгат. Генофондду түзүү үчүн бул абдан аз болуп саналат. Инсульт жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган жаштардын саны барган сайын көбөйүүдө. Саламаттыгы начар, оорулуу ата-энеден оорулуу балдар төрөлөт. Айрымдар спорт менен машыгайын десе да машыгуучу жайлар, шарттар жок.
Федерациялар букмекердик конторалардын колдоосу менен командаларын мелдеш жана турнирлерге жибергенден сырткары, инфраструктураны өнүктүрүүгө да жетише алышат – эски спорт залдарды оңдоп-түзөп, жаңысын салып, жаңы спорт жабдууларын сатып алып, машыгууга болгон бааны төмөндөтүп, машыктыруучулардын штатын кеңейте алышат. Мунун баары дене тарбия менен спортту жайылтууга, секцияларга келген адамдардын санын көбөйтүүгө жана жогоруда көрсөтүлгөн пайызды жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Букмекерлер менен кызматташуу жалпылап айтканда биздин спортту заманбапташтырат. Мыйзам менен иштеп көнүп калган БКлар спорт коомчулугунан да ошону талап кылат. Федерациялар ийге келип, спорт тармагындагы ишкерликтин сырларын үйрөнө алышат. Балким алар турнирлерге билет сатканды жана трансляция сатуу укугун алганды да үйрөнүп алышат чыгар. Мунун шарапаты – спортчуларга дагы, күйөрмандарга дагы, мамлекетке дагы, баарына жакшы болот деген үмүт бар.