Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевди камакта калтырды

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны 14-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Анда ал Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакыртылып, Фейсбукка тараткан УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүнө жооп берген.

Милиция "Полит Узник" баракчасындагы жарыяланган эски видео "Жетим-Тоо" кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталгандыгы байкаларын билдирип, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине (Массалык башаламандык) ылайык кылмыш ишин козгогон.

Видео интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан