"Ош базарында" уурулук менен алектенген чөнтөкчү кармалды (видео)

Бишкектеги "Ош базарында" уурулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, милицияга чет өлкөлүк жаран 2020-жылдын 26-декабрында болжол менен саат 06:40тар чамасында базардан 100 миң сом, 500 доллар, 200 евро жана 120 миң теңге уурдатканын айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факты Ленин райондук милициясында катталып, тергөө амалдары башталган. Кийинчерээк бул иш ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Нарын шаарынын 1982-жылы туулган К.М. аттуу тургуну кармалды. Учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар дагы бир жаранды кармоо иштери жүрүп жатат.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан