Оштун Нариман айылында ири өрт кырсыгы катталды (фото)

Ош облусунун Нариман айылында 2 кабаттуу сарай жана 150 түк чөп толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн жалыны ага жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн ашканасынын жана мончосунун чатырына өтүп күйгөн. Өрттүн чогу ошол эле учурда дагы бир турак үйдүн короосунда жаткан 100 түк беде чөпкө чачырап, ал толугу менен күйүп кеткен.
Тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 05:26да түшкөн. Жерине жалпы 5 бөлүм тартылып, өрт саат 06:11де чектөөгө алынып, саат 07:32де толук өчүрүлгөн.
Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым эсептелүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан