Бишкектин мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты

Коррупцияга шектелип кармалган Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, сот айыпталуучунун туруктуу жашаган жери, үй-бүлөсү жана жашы жете элек балдары болгондугуна байланыштуу баш коргоо чарасын сыртка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүү чечимин чыгарган.

Чечимди сот 29-августта чыгарган.

Бишкек шаарынын вице-мэри коррупцияга шектелип 18-февралда кармалган. Ал 2021-жылы сентябрда борбор калаанын вице-мэри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ma2as
2022-09-03 17:58:00
Жесен , алсан чон чон алыш керек экен . Кичине олтуруп чыгып алып , урдаган нерсени омур бою кенири жеп жашайсын -болуп калыптыр Кыргызстанда . https://www.youtube.com/watch?v=y1mtN_vgK4s . Ютуб канлда жургон скетч шоу эле болуп калды Кыргызстан - #АТКАМИНЕР/БОЛСУН КАЙДЫГЕРОВИЧ КАНТИП, УЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан