Футбол: "Ак шумкарлар" Орусия менен жолдоштук беттеш өткөрүшү мүмкүн

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Орусия курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын спорттук басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, оюн сентябрь айынын аягында Бишкекте өтүшү мүмкүн. Учурда бул жолдоштук беттешти өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы белгилүү болду.

Орусиянын курама командасы жана орус клубдары эл аралык турнирлерден четтетилген. Акыркы беттешин Орусия курамасы 2021-жылдын ноябрь айында Дүйнө чемпиондугуна тандоодогу Хорватия курамасына каршы өткөргөн (0:1).

Кыргызстандын улуттук курама командасы акыркы беттешин Азия Кубогуна тандоо этабынын алкагында ушул жылдын июнь айынын ортосунда өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан