Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо жол кырсыгы катталып 5 адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-сентябрь күнү ГЭС-5 аймагына жакын жердеги айланма жолдо болгон. Анда BMW үлгүсүндөгү унаа күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан Mazda Demio унаасын, андан кийин Mercedes-Benz унаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен BMW унаасындагы 4 адам жана Mazda Demio унаасынын айдоочусу каза болгон. Мындан тышкары 3 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2022-09-04 18:52:00
Катуу ыдамдыкта айдашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан