Екатеринбургда баласын 300 миң рублга сатмакчы болгон кыргыз келиндин баласы Кыргызстанга жөнөтүлөт

Орусиянын Екатеринбург шаарында өз апасы 300 миң рублга сатмакчы болгон бала Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу баланын өгөй атасынын билдирүүсүнө таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда баланы Кыргызстанга жөнөтүү боюнча документтер чогултулуп жатат. 7 жаштагы балага үй-бүлөнү тандоо маселеси Кыргызстанда чечилет. Азыр бала балдар үйүндө.

"Камкорчулук маселеси Кыргызстандын мыйзамдары менен чечилиши керек экен. Бул жерде баланын жакындары жок. Ошондуктан аны ошол жакка, чоң энесине алып барышат. Эгер ал баш тартса, анда мен аны өзүмө алып кете алам", - деген баланын өгөй атасы.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Екатеринбург шаарында Н.А. аттуу Кыргыз жараны 7 жаштагы уулунун органдарын интернет аркылуу 300 миң рублга сатууга аракет кылганы кабарланган.

Анда укук коргоо органдары тарабынан 36 жаштагы келинге Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин негизинде (жашы жете элек баланы сатуу) кылмыш иши козголуп, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан