Чүй облусунун Сокулук районунун Ала-Тоо-3 конушундагы көлмөгө эркек киши чөгүп кетти. Ал 33 жаштагы А.Ж. аттуу жаран экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Окуя кечээ, 4-сентябрда орун алган. Жерине төрт куткаруучу тартылып, саат 18:55те жарандын сөөгү суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.