Токойдогу өрт жакынкы айылдарга да жайылган. Казакстандын Костанай облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстандын түндүгүндөгү Костанай облусундагы токойдогу өрт жакынкы айылдарга да жайылып, бир адам каза болуп, 108 үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин интернет басылмалары жазышты.

Кабарлангандай, өрткө байланыштуу Костанай облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза таап, 10 адам жабыркаган.

"Эвакуацияланган 1 800 кишинин 200дөйү мектептерге жайгаштырылган. Бир бөлүгү үйлөрүнө кайткан, айрымдары туугандарыныкына кеткен", - деп маалымдайт жергиликтүү бийлик.

Жабыркагандар компенсация же жаңы турак жай талап кыла алат. Өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов үйлөрдүн курулушун баштап, аларды кыска мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, Костанай облусунда тилсиз жоо 2-сентябрда чыккан. Анда Казанбасы айылынан 20 чакырым жердеги токойдон өрт чыгып, тездик менен жайылган. Кийин жалын жакын арадагы калктуу конуштарды каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан