Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы жана азыркы эки кызматкер кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик долбоорлоо институтунун мурдагы жетекчиси А.Ж. жана "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Ч.М. коррупцияга шектелүүдө.
Кылмышка шектүүлөр уруксаты жок көп кабаттуу турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү айтылат.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ж.А.нын үйүн тинтүү маалында ири өлчөмдөгү ок-дары менен бир нече ок атуучу курал, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин ырастаган документтер табылды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Ал эми Ч.М. шаардагы №1 тергөө абагына камалды”, - деп айтылат маалыматта.