Чүйдө 26 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды

Чүйдө 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, күн мурун Чүй облустук милициясына 1996-жылы туулган А.М. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Арызында ал Н. аттуу киши аны Ак-Суу айылындагы кирпич заводуна күч менен чачынан сүйрөп алып барып, зордуктаганын билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 1985-жылы туулган М.Н.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан