Чүй облусунда коңшу Казакстанга мыйзамсыз майда малды айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Панфилов районунда мамлекеттик чек арага жакын жерде чек арачылар Кыргызстандын эки жаранын, 1983-жылы туулган А.М. жана 1983-жылы туулган Б.А.ны кармашкан. Алар Кыргызстандан Казакстанга 157 бодо мал жана 174 майда мал айдап өтүүгө аракет кылышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган майда жана ири мүйүздүү малдын баасы 10 миллион 460 миң сомдон ашык болгон.
"Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.