Бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов: "Өмүр менен өлүмдүн ортосунда турганда жардам сурадым" (видео)

Түркиядан бир бөйрөгүн алмаштырып келген актёр Нуржаасын Жумагулов менен маектештик. Ал маек учурунда төмөнкүлөрдү белгиледи.

"Ден соолугум жакшы, буюрса 6 айда калыбыма келем. Бутка турушума элимдин жардамы тийди. Операцияга 15 миң доллар жумшалды. Андан 3 миң доллар ашып калды. Аны муктаждарга бердим. Анткени бизде муктаждар көп. Чет өлкөдөн операция жасатууга мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. Мага жардам берген элиме ыраазымын. Рахматымды айтам. Эч ким оорубасын. Элиме аманчылык тилейм", - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Нуржаасын Жумагулов ден соолугуна байланыштуу коомчулукка жардам сурап кайрылган.

Видеону толугу менен SUPER.KG ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан