Кадамжайда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси жок. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
"Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана социалдык тармактардын колдонуучулары! Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө", - деп жазылат билдирүүдө.
"Иштин тергелишинин жүрүшү боюнча коомчулукка кошумча маалыматтар берилип турат. Баарыңыздардан бирден-бир сураныч. Такталган маалыматтарга гана комментарий жазсаңыздар. Айрым жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милиция кызматкери бар экен деп да жазып жатышат. Ыйгарым түрдө айтабыз. Кылмышка шектүү кармалгандардын арасында милиция кызматкери жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Тергөөнү ыкчам жана акыйкат тергелишин Баткен ОИИБинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды", - дейт Баткен облустук ички иштер башкармалыгы.