Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасынын графиги жарыялады.
Тестирлөөнүн графиги боюнча облустарда төмөндөгү күндөрү өткөрүлөт:
Баткен облусу
- Баткен мамлекеттик университетинде 21-сентябрда өтөт.
- Ваканттык орундардын саны - 61
- Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 183
- Бир күндө 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 61ден талапкер катышат.
Жалал-Абад облусу
- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 21-22-сентябрда өтөт.
- Ваканттык орундардын саны - 132
- Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 396
- Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 100дөн талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтөт. Ага 96 адам катышат.
Ош облусу
- Ош мамлекеттик университетинде 23-24-сентябрда өтөт.
- Ваканттык орундардын саны - 172
- Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 516
- Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 160дан талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтөт. Ага 36 адам катышат.
Чүй облусу
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 27-сентябрда өтөт.
- Ваканттык орундардын саны - 86
- Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 258
- Тестирлөө бир күндө 3 нөөмөттө өтөт. Биринчи, экинчи нөөмөткө 100дөн, ал эми үчүнчү нөөмөткө 58 талапкер катышат.
Талас облусу
- Талас мамлекеттик университетинде 27-сентябрда өтөт.
- Ваканттык орундардын саны - 46
- Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 138
- Бир күндө 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 46дан талапкер катышат.
Ысык-Көл облусу
- Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 30-сентябрда өтөт.
- Ваканттык орундардын саны - 41
- Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 123
- Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 120 талапкер катышат.
Нарын облусу
- Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 30-сентябрда өтөт.
- Ваканттык орундардын саны - 15
- Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 45
- Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 45 талапкер катышат.
Белгилей кетсек, мектеп директорлорун тандоо сынагынын биринчи айлампасы 11-августтан 30-августка чейин өткөн.