Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Ал Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКсына таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурган", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү С.Н. кармалган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Буга чейин «БМЗ» ААКсынын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция менен Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н. жана “БМЗ” ОАОнун мурдагы кызматкерлери кармалган.