"Сабаганы аз келгенсип, тоноп да кетишкен...". Чүйдөгү уурулукка шектүүлөр колго түштү

Сокулукта эркек кишини унаага салып, сабап, тоноп кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 28-август күнү Сокулук райондук милициясына 1995-жылы туулган К.М. аттуу жаран денесиндеги жаракаттар менен Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборуна түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

"Белгисиз эки адам түн ичинде аны унаага салып Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, ал жерден денесине залал келтирип, акча каражатын алып из жашырышкан",- деп айтылат билдирүүдө.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада ага шектелип 1991-жылы туулган М.Д. жана 1992-жылы туулган К.М. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан