8-класстын окуучусун өлтүргөндөр сөзсүз өз жазасын алат. Бул тууралуу Башкы прокурор Кадамжай районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Курманкул Зулушев тергөө иштери анын жеке көзөмөлүндө экенин айткан.
Кадамжай эли менен жолугушууга башкы прокурордон сырткары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.
Жолугушууга 500дөн ашуун эл келген. Алар көптөн бери чечилбей келген мектептердин жетишсиздиги, жол, жер маселеси, жөлөк пул алуудагы көйгөйлөр, соттук териштирүүлөр, район ичиндеги коррупциялык иштер, аткезчилик, мыйзам бузуулар боюнча кайрылып, бийлик өкүлдөрүнөн чечип берүүнү суранышты. Ошондой эле жарандардан туризмди өнүктүрүү боюнча бир нече сунуштар айтылды.
Элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы келишкен бийлик өкүлдөрү айтылган ар бир маселе жагдайына жараша калыс жана акыйкат чечиле тургандыгын билдиришти.