Ысык-Көлдө эки салык кызматкери мушташып, бири каза болду

Ысык-Көлдө эки кесиптештин мас абалында жолугушуусу алардын биринин өлүмү менен аяктады. Алар салык кызматкерлери болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Маалымдалгандай, 6-сентябрь күнү саат 03:10 чамасында милицияга райондук аймактык ооруканада Ананьево айылынын 34 жаштагы К.У. аттуу тургуну жандандыруу бөлүмүндө каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү саат 01:00 чамасында Бактуу-Долоноту айылында 35 жаштагы Б.Д. аттуу жергиликтүү тургуну Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну, кесиптеши К.У. менен жолугуп, спирт ичимдиктерин ичкени аныкталган.

Алкоголдук ичимдик ичип отуруп, алардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, Б.Д. аттуу жаран К.У.нун курсак тарабына бычак сайган. Андан кийин жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Бул факты боюнча кармалган адам күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Сот тарабынан баш коргоо чарасы алынганга чейин райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан