Сабалган эркек кишинин видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда ал эртең менен эрте мас абалында досунун үйүнө келгени үчүн кечирим сурап жатканын көрүүгө болот.
Видеонун автору мындай кадамга барганын себеби мас абалдагы досу анын ата-энесинин көзүнчө туура эмес мамиле жасаганы менен байланыштырган.
Айрым басылмалар өздүк булактарына таянып, сөз үч жаран шектелип жаткан кылмыш тууралуу болуп жатканын жазып чыгышты.
Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 1996-жылы туулган М.А. аттуу жаранды 29-августка караган түнү сабап, андан соң 40 миң сом акча талап кыла баштагандыгы тууралуу маалымат тараткан.
Андан соң тергөөчүлөр «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Ш.А., 1993-жылы туулган С.М., 1995-жылы туулган С.Т. кармалып, кийинчерээк Аламүдүн райондук соту аларды камактан бошоткон.