Бүгүн, 5-декабрда
Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Мачо” экшн комедиясынын бет ачар аземи болду.
Ага кино сүйүүчүлөр,
тасма жаратуучулары, коноктор жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү
келишти. Кино саат 11:00 дө
башталып, 1 саат 20 мүнөткө созулду.
Тасма жаратуучуларынын айтымында, тасманы эл алдына алып чыгууга 1,5 жыл кеткен. Ал эми ага кеткен
каражаттын суммасы 80 000 долларды түзөт.