Зордуктоого шектелип кармалган актёр Чыңгыз Мамаевдин соту 12-сентябрга жылды

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту зордуктоого шектелип кармалган актёр Чыңгыз Мамаевдин ишин жабык эшик артында карады.

Сотко зордукталды делген чет элдик жаран келбегендигине байланыштуу соттук отурум 12-сентябрга жылдырылды.

Буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

SUPER.KG порталы актёрдун бир тууганынын, кошуналарынын пикирин угуп, чагылдырган.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Мамаев "Мезгил жана Алыкул" тасмасында башкы каарман Алыкул Осмоновдун ролун ойногон. Андан тышкары "Даңазалуу доор" сериалынын кыргызча котормосунда Ибрагим пашанын үнүн коштогону менен көпчүлүккө таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан