Араванда алдамчылыкка шектелип 2 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Жалал-Абаддан кармалды

Ош облусунун Араван районунда алдамчылыкка шектелип 2 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 49 жаштагы А.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандын үстүнөн 2020-жылы 24-май күнү Араван районунун К.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында А.А. аттуу жаран анын ишеничине кирип 760 миң сом накталай акчасын алып 10 күндүн ичинде кайтарып берерин айтып, андан ары дайынын чыгарбай кеткенин билдирген.

Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан