Кызыл-Кыя шаарында ооруканадан уюлдук телефондорду уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Кабарлангандай, 2-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамаларында Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндөгү столдо турган “Редми Нот 9” жана “Айфон SE” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду белгисиз атуулдар уурдап кеткендиги боюнча Ноокат районунун жашоочулары арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай шаарынын тургуну 2001-жылы туулган Т. у М. аттуу жаран кармалды. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.