Чүй облусуна караштуу Сокулук айылында эркек кишинин сөөгү табылды. Анын денеси чирип баштаган. Учурда анын аты-жөнү тактала элек. Облустук ички иштер башкы башкармалыгы маркумдун аты-жөнүн аныктоо жана жакындарын табуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт.
Маалыматта маркум болжол менен 35-40 жашта болгону айтылат.
Белгилери: Бою 190 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы сары жана кыска. Чолок шым, кара спорттук бут кийим, моюнунда чынжырчасы болгон.
Тиешелүү кызмат маркум тууралуу кимде-ким маалымат билсе (0312) 45-33-80, 0708 89-00-23 номерлерине байланышып коюуну өтүнөт.