Араванда терминалдарды уурдап жүргѳн кылмыштуу топ кармалды

Ош облусунун Араван районунда терминалдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, терминалдарды уурдоого шектелип 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К. аттуу жарандар кармалган.

"2022-жылдын 2-сентябрь күнү саат 03:00 чамасында Араван районунун Гүлбар айылындагы дүкөндөрдүн биринде жайгашкан "Нур Телеком" жана " Скаймобайл" компанияларынын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 миң 400 сом акчасын белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги боюнча Араван РИИБине арыз келип түшкөн. Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ бул кылмыштуу топ Өзгѳн, Кара-Суу райондорунун жана Нарын облусунун аймагында терминалдарды талкалап, уурулук кылгандыктары белгилүү болду. Ошондой эле дагы башка аймактарда ушундай кылмыштарга катышы бар же жоктугу тешерилип жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда тергѳѳ иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2022-09-08 08:45:00
Бир колун бур туягын кыркып салыш керек
0
kebranum
2022-09-09 03:16:00
Тешерилип дегенде "к" тамгасын да ушулар уурдап кетпегенби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан