Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүү келишими азыркы шартта Орусиянын футбол боюнча курама командасы үчүн ийгилик. Бул тууралуу маалымат жыйынында Орусия курамасынын башкы машыктыруучусу Валерий Карпин билдирди.
"Оюнчулар 300 пайызга чогулуу керек. Бар экенибизди, тирүү экенибизди көрсөтүү маанилүү. Азыркы шартта Кыргызстан менен ойноо биз үчүн жетишкендик", - деген Карпин.
Орусия менен Кыргызстандын курама командасынын беттеши 24-сентябрда Бишкекте өтөт.