Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында атасынын сөзүнөн кийин 27 жаштагы жигит өзүн-өзү атып алды. Маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.
Кабарлангандай, окуя 31-август күнү саат 11:00 чамаларында орун алган. Анда Кара-Көл шаарынын 1995-жылы туулган М.Ш. аттуу тургуну үйүнө мас абалында келгени айтылат. Мындан улам 49 жаштагы атасы “эмне себептен спирт ичимдигин ичип алдың?” деп тилдеп сыртка чыгып кеткен. Бул учурда атасына таандык болгон темир сандыктан ок атуучу куралды алып, ээгинин асты жагына бир жолу өзүн-өзү атып алган.
Натыйжада ал денесинен оор жаракат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. "Тез жардам" кызматын ошол замат атасы чакырган.
Аталган факты боюнча баланын атасы М.К. эч кимге эч кандай арыз дооматы жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.
Ага карабай тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Окуя орун алган үйгө кароо жүргүзүлгөн кезде 14 даана патрон алынган. Жараат алган жаранга соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө атасынын уулуна карата өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга себеп болбогондугу такталган.
Учурда текшерүү иштери улантылууда.