Бишкекте эртең комуз күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
"Иш-чара 9-сентябрда саат 18:30да Улуттук тарых музейинин алдында өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Бул жылы өлкөдө комуз күнү төртүнчү ирет белгиленүүдө. Майрам элдин биримдигин бекемдеп, коомчулукту бириктирүүгө багытталган. Мындан сырткары этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатын көздөйт. Бул күн президенттин атайын жарылыгы менен 2019-жылдан бери белгиленип келет.