Ысык-Көлдө 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды (фото)

Ысык-Көл облусунда 6-класстын окуучусун өгөй атасы зордуктап келген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 29-июль күнү Түп районунун тургуну А.Б. милицияга арыз менен кайрылган. Арызда жарандык никедеги жолдошу 6-класста окуган кызын күч колдонуп зордуктап жүргөнүн жазган.

Факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары Түп айылынын 1962-жылы туулган А.Т. аттуу тургунун кармашкан.

Түп райондук соттун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынган. Иш боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

31-август күнү кылмыш иши тергелип бүтүп, Түп райондук сотуна жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ma2as
2022-09-08 12:04:00
Озумун жеке ойум . Азыр педофилдер кобойду , алар кучтуу жазаланыш керек эгер ал ишти кылган болсо . Бирок арасында Аялы жолдошу менен уршуп кетип , очошуп (2 чи турмушу жээ башкасыбы) куру дООмат кылгандар да бар деп ойлойм , жээ кызы Огой атасына жини келип . Арасынд такталбаган маалыматка ишенип эле Жанылык кылып чыгып аткандары да бар дейм .
+1
munduz2016
2022-09-08 14:28:00
ma2as. Туура,өч алуу максаты болушу да мүмкүн. Азыр ар нерсе күтсө болот адамдардан.
0
Anarchy
2022-09-08 13:38:00
Бул зоокурлорго катуу чараларды колдонуш керек.Акыркы 5 жыл ичинде педофилдер кобойду.
+1
Zarema11
2022-09-08 14:29:00
Ушундай айбандарга эмне үчүн тезиреек жаза колдонушпайт. Иштенкенкендерди болсо өлүп алышат чогулушат калып митинг дешип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан