Чемпиондор Лигасынын алкагында Чехиянын "Виктория Пльзен" клубуна каршы беттеште 3 гол киргизген "Барселонанын" чабуулчусу Роберт Левандовский тарыхый жетишкендикке жетишти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, муну менен Левандовский үч башка европалык команда үчүн Чемпиондор Лигасынын турниринде хет-трик жасаган тарыхта биринчи оюнчу болуп калды.
Буга чейин Левандовский Чемпиондор Лигасынын алкагындагы оюндарда "Боруссия Дортмунд" жана "Бавария" клубдары үчүн хет-трик жасаган.
Оюн 5:1 эсебинде "Барселона" клубунун жеңиши менен аяктады.