Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи шаарчасынан төшөккө оролгон абалда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 5-сентябрь күнү саат 18:40 чамасында Көк-Арт кичи шаарчасындагы иштебей кароосуз турган унаа жуучуу жайдын артында төшөккө оролгон абалда жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жансыз денени сырттан кароо учурунда кандайдыр бир көрүнүктүү дене жаракаттары байкалган эмес.
"Аты-жөнү такталбаган эркек адамдын жансыз денеси өлүкканага жеткирилип, дене жаракаттарын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.